Коом

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 6795 үй-бүлө батир алды

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында 39 миң арыз катталган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.

Жээмбаевдин айтымында, жалпысынан 6795 үй-бүлө 6.9 млрд сомдук ипотека алды. 12 миң 234 үй-бүлө ипотекага макулдук алса, алардын ичинен 3 700 үй-бүлө банктардын электрондук кезегине турду. Акча берилгенден кийин алардын кезеги жылат.

Ипотека эки багыт боюнча берилет: «Жеңилдетилген ипотека» – 4% менен (бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн) жана «Арзан ипотека» – 8% (жарандардын бардык категориялары үчүн).

Депутат Акбөкөн Таштанбеков учурда канча адам үй алганын сурады.

«1 миң 372 адам 3.1 млрд сом алды. Октябрдан бери пайыздык чен төмөндөгөндөн кийин 732 жаран турак жай сатып алды. 125 үй-бүлө 8%дык ипотека алды», – деди Жээмбаев. Ал ошондой эле 200 миң адам турак-жайга муктаж экенин билдирди.

Темир-бетон жана кирпичтен салынган үйдүн баасы 520 долларды, панелдик үйдүкү – 370 долларды түзөт.

Эскерте кетсек, мамлекеттик ипотеканы алууну каалаган жарандар төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

Кыргызстандын жараны болуу;
• кредитти алуу жана акыркы төлөө учурунда 21-70 жашта болуу;
• бир уюмда бир жылдан кем эмес иштөө же жалпы иш стажы – 2 жылдан кем эмес;
• арыз берүүчүнүн өзүнүн турак жайы болбошу керек;
• акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзбөгөн болушу керек;
• төлөө үчүн кирешенин болушу;
• тандалып алынган үй иштеген жеринен 60 км радиуста жайгашуусу тийиш.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button