Коом

Баткенде чек арадагы айылда жаңы мектеп салынды

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектебинин жаңы имараты курулду.

Маалым болгондой, курулуш иштери 2021-жылдын 23-майында башталган. Курулушту Баткен шаарындагы «Аминь» ЖЧКсы жүргүзүп жатат. Тендерден женген сметалык баасы 75 милн 624 миң 58 сом. Мектептин сыйымдуулугу 275 орундуу. 2021-жылдын декабрь айына чейин окуу имаратынын фундаменти, дубалы, чатыры, монтаждоо, ички, сырткы сырдоолору бүтүп, полу кагылып, от казан үчүн фундамент иштери бүткөрүлгөн. Ички жылытуу системаларын орнотулуп, ашкананын полдоруна, окуу корпусунун коридорлоруна кафель төшөлдү.

Азыркы учурда спорт залдын ички дубалын шыбоо иштери жүрүп жатат. Бирок спорт залдын шыбы, терезелери орнотуу жана сырдоо иштери жүрө элек элек. Эмеректер (парта, стул, доска, шкаф) жалпысынан алганда класстардын 80% келген. Компьютердик класска парта, стул, доскасы, компьютерлер алынып келинген. Бирок орнотула элек. Ашкана блогуна жабдыктар келген эмес жана ашкана үчүн колдонууга суу сактагыч (резервуар) жок. Ички жана сырткы даараткананын сырдоо иштери бүткөн, аба соргуч (вытяжка) коюла элек. От казан орнотулуп, имараты толук бүткөрүлгөн. Бирок көмүр кампасынын дарбазасы жана эшиктери толук бүтө элек. Мектептин алдындагы аянтчаларга брусчатка жана асфальт төшөлгөн.

Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан мектептин имаратынын 94% бүткөрүлүп, курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоордо мектеп 2 кабаттуу. Спорт зал, актовый зал, ашкана, котел каралган. Суу кампасы жок.

Эски мектеп 4 корпустан турат. 195 окуучуга эсептелинген 1-корпусу 1974-жылы курулган. Кирпичтен салынган. Ал эми 2-корпусу 40 орундуу болуп 1992-жылы курулган. 3-корпусу 40 орундуу 2009-жылы курулган. 4-корпусу 40 окуучуга ылайыкталып, 2015-жылы курулган. 3-корпус ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган.

Учурда А.Масалиев атындагы орто мектебинде 866 окуучу билим алып, 52 мугалим эмгектенет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button