Коом

Ички иштер министрлигине Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттик делегациясы келди

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин эксперттик делегациясы таанышуу сапары менен келди. Түркиянын Ички иштер министрлигинин адистери Кыргызстандын ички иштер органдарына учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөөнү киргизүүгө жана окутууга көмөк көрсөтүү максатында келишкен.

Делегация ИИМдин Борбордук аппаратында болуп, ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары милициянын полковниги Суюнбек Ниязбеков менен жолугушту.

Бул эксперттик делегациясын жетектеп Түркиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы «Биотексан» компаниясынын башкы директору Осман Келеш, Түркиянын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар департаментинин башчысы Абдульселам Өзтүрк, Түркиянын Полициясынын башкы дирекциясынын МТББнын башчысынын орун басары, полициянын подполковниги Туркер Йыртан жана башкалар келишкен.

Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков сөз башында түрк кесиптештерине бул иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, укук коргоо органдарына учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана терроризмге каршы күрөшүүдө инновациялык ыкма, ошондой эле коомчулуктун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоодо маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Суюнбек Ниязбеков белгилегендей, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ички иштер органдарында ири санариптик долбоорлорду толук кандуу ишке ашырууну аяктоого чоң көңүл буруп жатат. Мамлекет башчысы тарабынан ички иштер органдарынын алдына коюлган негизги милдеттердин бири милициянын күнүмдүк ишмердүүлүгүндө заманбап технологиялык каражаттарды колдонуу болуп саналат. Санариптик технологияларды киргизүү кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишти жакшыртат жана кылмыштарды ыкчам ачууга жана иликтөөгө мүмкүндүк берет.

Конокторго ИИМдин Басма сөз кызматынын ЖМК жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган борбору, милициянын көчмө кабылдамасынын мониторинг бөлмөсү, криминалистикалык борбор, расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн конференциялар үчүн эл аралык кызматташуу залы көрсөтүлдү.

Өзгөчө көңүл өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абал интеллектуалдык камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөнгөн ыкчам башкаруу жана координациялык борборго бурулду. Акыркы технологиялар милициянын мобилдик пункттарынын ишмердүүлүгүнө көз салууга, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button