Баткенде күйөөсү аялын мыкаачылык менен өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 19-июнь күнү болжол менен таңкы саат 04:00 чамаларында Кадамжай шаарындагы Металург көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон. Анда 1987-жылы туулган жолдошу Б.Б. пикир келишпестиктерден улам ашкана бычагы менен жубайы Н.Б.нын денесине бир нече жолу сайып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Натыйжада кылмышка шектүү жолдошу Б.Б. Кадамжай районунун Көтөрмө айылындагы бүтө элек үйүнө барып, өзүн-өзү асып каза болгон жеринен табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.