Коом

Лейлектин Айбике айылында «Куран окуу» борбору ачылды

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Айбике айылында жеке ишкерлер тарабынан «Куран окуу» борбору ачылды. Бул тууралуу редакциябызга айыл тургундары кабарлашты.

Маалыматка караганда, эки кабаттан турган имараттын ачылыш аземи өткөрүлүп, куран окуу боюнча балдар арасында конкурс уюштурулган.

«Айылдан чыккан жеке ишкерлер Жумабаев Уланбек,  Авазбек Сууханбердиев  120 орундуу «Куран окуу» борборун куруп беришти. Борбор ачылуу алдында, куран окуу конкурсу уюштурулуп жеңүүчүлөргө акчалай белектер берилди. Бул жерде каникул мезгилинде окуучулар куран окууну үйрөнүшөт. Ал эми балдарга сабак өткөн карылардын айлыктарын да жогоруда аты аталган ишкерлер төлөп бермей болушту. Ушундай демилгени колго алып, жаштарга туура багыт берип, түз жолдо жүрүүсүнө түрткү болгон уулдарыбыз Уланбек менен Авазбекке бүтүндөй Айбике эли ыраазыбыз», — дешет айыл тургундары.

Белгилей кетсек, Куран окуу борборун курууга жеке ишкерлердин классташтары да жардам беришкен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button