Коом
Акылбек Жапаров: Казино ачылса жылына 2 млрд сом түшөт
Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин өкмөт 123 млрд сомдук антикризистик пакет кабыл алганын белгилейт.
“Анын ичинде оюн-зооктон каражат алабыз деген эсептөөлөр менен келип, сиздердин алдыңыздарда отурабыз. Эртерээк мыйзам долбоорун колдоп берсеңиздер, быйыл 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алабыз”, — дейт ал.
Казиного уруксат берүү мыйзам долбоору кабыл алынып калса, оюн-зоок жайына чет элдик жарандар гана киргизилип, кыргыз жарандарына кирүүгө тыюу салынат.