Жогорку Кеңеш оюн-зоок жайлары боюнча мыйзам долбоорун кабыл ала алган жок. Жыйындар залында отурган бир нече  депутаттар добуш берүүдөн баш тартышты.

«Биз добуш бербейбиз. Биз каршы добуш берсек, мыйзам баары бир өтөт. Силер бизди сүйлөтпөй койдуңар. Биз бул мыйзам долбооруна каршыбыз. Мына ушундай жол менен мыйзам долбооруна бөгөт коёбуз», — деди Адахан Мадумаров.

Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоорун төрт жолу добушка коюуга аргасыз болду. Төртүнчү жолу казинону мыйзамдаштырууга 59 эл өкүлү макул, 9у каршы добуш берди.

Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Айгүл Айдарова, Алишер Эшбаев, Исхак Масалиев, Эмил Токтошев казинолор жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууга  бут тосушту. Парламент тыныгуу жарыялады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Ысык-Көл облусунун аймагындагы жабык аймакта оюн-зоок жайларын ачуу боюнча мыйзам долбоору талкууланган.

Министрлер Кабинетинин 7-чакырылышында өлкөнүн бардык аймактарында казинолорду, анын ичинде онлайн казинолорду ачууга уруксат берген дагы бир мыйзам долбоору сунушталды.

Бийлик казинолордон 1,5-5 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча түшүшүн жана 12 миң жумушчу орун түзүлөрүн күтүүдө. Мыйзам долбооруна ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салат, ал ошондой эле бардык казино субъектилери үчүн бирдиктүү эрежелерди белгилейт.

Кумар оюндарына лицензия 10 жылга берилет. Мекемелерди бала бакчалардын, мектептердин, жогорку окуу жайлардын, медициналык жана маданий жайлардын имараттарында, ошондой эле толук же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте турган жайларда жайгаштырууга болбойт.

«Казино жеке ресторанда, мейманкана комплексинде болушу керек. Ошол эле учурда ресторанда 100 орундуктан, ал эми мейманканада 20дан кем эмес бөлмөлөр болушу керек», — деп айтылат документте.

-Оюн-зоок жайларынын кардарлары төмөнкүлөр боло албайт:

-Кыргыз Республикасынын жарандары;

-21 жашка чейинки чет мамлекеттердин жарандары;

-эмгекке жарамсыз чет өлкөлүк жарандар.