Коом

Улан Ниязбеков Таласта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имаратын ачууга катышты

28-июнда Талас шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Талас облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын (БМЖККБ) жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Имарат Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) «Кыргыз Республикасында Баңгизаттарды контролдоо жаатында колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында курулган. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Маэдо Сигеки, Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана ведомстволорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Министр өз сөзүндө, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу мамлекеттин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын, анын ичинде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Улуттук программасында бекитилгендигин белгиледи. Талас облусунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖККБ административдик имаратынын ачылышы-бул эл аралык баңги кылмыштарына каршы туруудагы дагы бир олуттуу кадам болуп эсептелет.

Улан Ниязбеков Япония Өкмөтүнө жана БУУ БКБга Кыргызстандын жана Япониянын элдеринин, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн баңгизаттарга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. ИИМдин БМЖККБнын кызматкерлерин жаңы административдик имараты менен куттуктап, баңгизаттарды аныктоо жана алып коюу боюнча иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга чакырды.

Андан соң, ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Япониянын Элчиси Маэдо Сигеки, БУУ БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезев имараттын ачылышына карата бак-дарактарды отургузушту.

Салтанаттуу аземден кийин конокторго Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Кинологиялык борборунун кинологдорунун кызматтык издөө иттери менен иш үстүндөгү көргөзмө уюштурулду. Кызматтык иттерди Талас облусунун Атайын операциялар отрядынын КР ИИМдин (АБП) Атайын багыттагы полктун кызматкерлери менен биргеликте баңги каражаттарын табуу, багаждан жана унаалардан баңги каражаттарын издөө жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн зарыл болгон заманбап техникалар менен толук жабдылып, эмгек шарттарынын бардык талаптарына жооп берет.

Эскерте кетсек, аталган имараттын курулушу 2022-жылдын февраль айынын аягында башталган. Курулуштун жалпы аянты 318,8 м2 түзөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button