Коом

Алмаз Мамбетов: «Кыргыз тилине аяр мамиле кылуу жана сүйлөө биздин милдетибиз!»

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, аталган шаардагы “Манас-Ата” тамактануучу жайында орун алган окуяга байланыштуу жеке кайрылуусун жолдоду.

Төмөндө мэрдин Ош шаарынын тургундарына кайрылуусу.

«Урматтуу мекендештер!

Ош шаарынын тургундары!

Кечээтен бери социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып жаткан, көпчүлүктүн кескин сынына кабылган Ош шаарындагы “Манас-Ата” тамактануучу жайында орун алган окуяга байланыштуу Ош шаарынын мэри катары жеке кайрылып коюуну туура көрдүм.

Ош шаары көп улутту кучагына батырган, түрдүү улуттар эриш-аркак жашаган куттуу жер. Биздин шаарда бардык улуттардын өкүлдөрү ынтымакта күн кечирип келишет. Андыктан аталган кафенин администраторунун (мурунку) айрым сөзү үчүн жалпы улут маселесин козгоп, көңүл оорутуучу сөздөрдү жазып алуудан этият болууну суранам!

Биз укуктук мамлекетте жашап жатканыбызды жана мамлекеттик тилибиз — кыргыз тили экенин баарыбыз унутпашыбыз керек. Кыргыз тилине аяр мамиле кылуу жана сүйлөө биздин милдетибиз. Мамлекеттик тилди Кыргызстанда жашаган бардык жарандар (улутуна карабай) билиши керек. Андыктан бардык жарандарды мыйзамды сыйлоого, мамлекеттик тилде сүйлөөгө, кыргыз тилин үйрөнүүгө чакырам!

Ал эми “Манас-Ата” кафесинин санитардык абалын текшерүү маалында кафенин өкүлүнүн мамилесине жана айткан сөздөрүнө укук коргоо органдары өз баасын берет. Буга чейин тийиштүү укуктук аракеттер көрүлдү.

Алдыда Ош шаарындагы бардык тамактануучу жайлардын, анын ичинде “Манас-Ата” кафесинин да санитардык абалы атайын комиссия тарабынан тыкыр текшерилет. Бул боюнча бардык тийиштүү кызматтарга талап коюлду. Элдин саламаттыгын камсыздоодо күнүнө жүздөгөн, миңдеген кардарларды тейлеген коомдук тамактануучу жайларды текшерүүдө бармак басты, көз кысты мамиле болбошу керектигин катуу эскерттим. Рейддердин жыйынтыгы боюнча биздин расмий социалдык баракчалардан элге маалымат таратылат.

Ошондой эле бүгүн айрым ЖМКлар жарыялаган “Манас-Ата” кафеси уруксатсыз курулган деген маалыматтын да чын бышыгы иликтенип жатат. Эгер чын эле уруксатсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген болсо мыйзам алкагында чаралар көрүлөт», — Мамбетов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button