Кеңеш

Батир ууруларынан кантип сактануу керек? ИИМдин сунуштары

Түн – кылмыштуу иштердин убактысы деген популярдуу ишеним жаңылыштуу, анткени батирлерди уурдоонун көпчүлүгү күндүз болот.

Буга байланыштуу, эң корголбогон батирлер биринчи жана акыркы кабаттар, ошондой эле өрт тепкичтерине жана суу түтүктөрүнө жакын жайгашкандар да булардын катарына кирет.

Акыркы учурда уурулар кесипкөйлүү болуп, топторго чогулуп иштеп, жаңы техникалык каражаттарды колдонууда. Көп учурда кол салгандар атайын тоноо үчүн рацияларды, жаңы номурлары бар уюлдук телефондорун, ар кандай конфигурациядагы ачкычтары бар кулпуларды сатып алышат. Ошондуктан, мындай адамдардан коргонуу үчүн олуттуу алдын алуу чараларды көрүү зарыл.
Батир ууруларынан кантип сактануу керек?:

 Эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, терезе торлорду орнотуңуз;
 Терезелерди жана балкондун эшиктерин ачык калтырбаңыз;
 Эки кулпулук менен бекитилген темир эшикти орнотууга кам көрүңүз (кулпуга жана бекитүүчү);
 Жай мезгилинде, каникул учурунда жана майрам күндөрү өзгөчө сак болууга аракет кылыңыз, анткени бул мезгилдер батир уурулары үчүн эң ыңгайлуу болуп саналат;
 Суурмадан почтаны үзгүлтүксүз чыгарып жүрүңүз;
 Айрыкча кечинде терезе пардаларды жапканга аракет кылыңыз. Кылмыш жасаардан мурун, уурулар көбүнчө көз салган батирди терезелерден карап турушат;
 Ири суммадагы акчаны, ошондой эле баалуу буюмдарды банкта же сейфте сактаңыз. Эсиңизде болсун, сизге ишенимдүү көрүнгөн жерлер кара ниетүү уурулар үчүн жөнөкөй жер болушу мүмкүн;
 Эгер телефонунузга дайыма бейтааныш адамдардан чалуулар келип, телефон алган соң сүйлөшүүдө унчукпай же номерин туура эмес чалып алгандыгын кабарласа сак болгула, анткени көп учурда сиз батирде кайсы убакта жок болгонунузду аныктоо үчүн бул ыкманы колдонушат;

Уурулуктун бул түрүнөн коргонуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири — бул милициянын Күзөт кызматын борбордоштурулган пульттук көзөмөлдү орнотуу, анын алкагында бөлмөнү күзөт техникалары менен менен жабдуулап, жардамга тез чакыруучу радио жабдыгын колдонуу болуп саналат.

ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button