Коом

Видео. “Текстиль Транс” ишканасы КР Ардак Грамотасы менен сыйланды

Кечээ, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, анда бир топ ата мекендик ишкерлер Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланышты.

Алардын арасында ата мекендик ишкана “Текстиль Транс” жоопкерчилиги чектелген коому Президент Садыр Жапаровдун колунан сыйлык алды.

Аталган ишкана текстиль тармагында иш алып барат. Пахтадан баштап даяр кийимдерге чейин өндүрүлөт.

«Текстиль Транс» ишканасы  буга чейин профессионалдык ишмердиктеги зор жетишкендиктери үчүн мындай мамлекеттик сыйлык 2019-жылдын 17-январында президент тарабынан тапшырылган.

Компания буга чейин аймактык, федералдык кесиптик сынактардын лауреаты жана жеңүүчүсү болуп келген.

«Текстиль Транс » рыноктогу эң таанымал жана туруктуу ишканалардын бири.  Жалпы аянты 25000 чарчы метрди түзгөн үч заводдо  1000ден ашык кызматкер иштейт.  Компания зыгыр булаларын, трикотаж жана байпактарлы өндүрүүгө жана дүңүнөн сатууга адистешкен.  Өндүрүштө эң заманбап: Түркия, Тайвань, Кытай, Америкадан алынып келинген жабдуулар колдонулат.

Ошондой эле,  бардык продукциялар экологиялык таза пахтадан (Тажикстан, Өзбекстан) жасалат. Компания эл аралык деңгээлдеги адистер иштеп, ар жыл сайын квалификациясын жогорулатуудан өтүшөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button