Коом

“Манас-Ата” кафесинин ишин комиссия карап жатат

Бүгүн, 4-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык “Манас-Ата” кафеси комиссия тарабынан текшериле баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, биринчи вице-мэр Марс Исаев жетектеген комиссиянын курамына Санэпид, “Ош электро”, “Тазалык”, “Ошшаарсууканал”, Архитектура башкармалыгы, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кирди.

“Комиссия бардык жагдайларды иликтеп бүткөнгө чейин тамактануучу жай жабылды. Суусу жана электр энергиясы өчүрүлүп, Тазалык ишканасы да келишимди токтотту. Ошондой эле жайгашкан жеринин мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Комиссиянын иликтөөсүнөн соң кафенин ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык чыгарылат”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button