Бишкекте 1469 мыйзамсыз объект алынып салынды. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өтүп жатып билдирди.

Анын айтымында,  бул мезгилде көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекция 4696 чарба субъекттерин, ишканаларды, уюмдарды жана жеке менчик үй ээлери текшерген.

Аныкталган эреже бузуулар боюнча 33 жазма буйрук жазылган. Ошондой эле муниципалдык инспекциянын кызмат адамдарынын көмүүсү менен катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча жалпы суммасы 275 900 сомго келишим түзүлгөн.

Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар боюнча иштерди бузуу жөнүндө 285 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 2 282 000 сомду түздү.

Ошондой эле, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү желим, синтетикалык калдыктар жана тыюу салынган заттарды күйгүзбөө максатында 155 чарба субъекттерин текшеришти. Жыйынтыгында тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы боюнча 16 миң сом суммасында 196 протокол түзүлдү

Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча объекттердин ээлерине: 474 билдирүү берилген, 1469 объект бузулган (892 жеңилдетилген типтеги объект, 39 капиталдык курулуш, 538 жарнамалык конструкция). Муниципалдык жерди иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн 1 911 225 сом өндүрүлгөн.

Борбордо 8 ишембилик болуп өттү, ага 2831 уюм жана мекемеден 77 006 адам катышты.