Баткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасыда социалдык тармактарда диний-экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн аял кармалды.

Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы С.К. (аял киши) аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” -Ирак, Шам ислам мамлекети (Игил) диний-экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.

Жогорудагы аталган диний уюмдар Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылы террордук жана экстремистик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Бул факты Баткен ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы