Экс акыйкатчы Турсунбек Акун социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, мурдагы президент Курманбек Бакиев сыртынан өмүр бою соттолгон адам экенин белгиледи.

“Курманбек Бакиев сыртынан өмүр бою соттолгон адам. Соттук процесстер толугу менен бүтүп, аягына чыккан. Өкүм күчүндө болгондуктан аны эч ким өзгөртө албайт. Ал эми оппозиция жана «Азаттык» радиосу көбүртүп жаткан «онлайн сот болот экен» деген имиш болбой турган иш. Эч кандай онлайн сот болбойт. Азыркы бийликти каралаш үчүн башкасы бүтүп, эми «Бакиев келе жатат» деген ушакты таратуу, башка аргументтери калбаган оппозициянын алсыздыгынан кабар берет. Эл азыр бийликтин да, оппозициянын да кандай иштеп жатканын күзгүдөн көргөндөй эле көрүп турат. Эч кандай кара пиар элге таасир бере албайт. Эл азыр караңгы эмес. Баарын өздөрү эле талдап алышат”, — деген ал.