Түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттүн курамын өзгөртүп, 26дан ашык министрди кызматтан кетирди. Кызматкерлерди кыскартуу 8-июлда министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында расмий өкүлдөр өлкөнүн экономикалык өсүүсү тууралуу маалымат бергенден кийин болду. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Кызматтан кеткендердин ичинде социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр менен Министрлер кабинетинин төрагасынын экономика маселелери боюнча орун басары да бар.

Бул Сердар Бердымухамедов президент болуп шайлагандан берки эң ири кадрдык өзгөрүү болуп эсептелет.

Президент мындан тышкары Түркмөнстандын Австрия, Жапония, Бельгия, Франция, Түркия, Азербайжан, Украина жана Түштүк Кореядагы элчилерин да кызматтан бошотту.

Сердар Бердымухамедов 19-мартта инаугурациядан кийин Министрлер кабинети менен Коопсуздук кеңешинин курамын өзгөрткөн.