Коом
Бишкекте дааратканага түшүп кеткен бөбөк куткарылды
Бишкектин Лесная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына эки жаштагы В.Х., аттуу бала түшүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жеринде төрт куткаруучу баланы аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
“Баланын абалы жакшы”, — деп айтылат маалыматта.