Коом

«Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат

«Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат. Бул тууралуу «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов 10-июль күнү Ысык-Көл аэропортуна иш сапары менен барган учурунда белгилүү болду.

Анда Самидинов аба майданынын бардык кызматкерлери менен жолугушуп, суроолоруна жооп берип, алдыга коюлган пландар менен бөлүштү.

«Башкы директордун айтымында, жакынкы убакытта аэропорттун жабдуулары, техникасы модернизацияланып жана жаңыртуу иштери өткөнү жатат. Андан тышкары, жакын арада «Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы да ачылганы турат», — деп айтылат маалыматта.

Каракол шаарына болгон иш сапарында Манас Самидинов «Каракол» аэропортунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшүү менен таанышты.

Эске салсак, азыр айтылган аба майданында жаңы аэробекет курулуп жаткан учур. Планга ылайык, объект 2023-жылдын аягында ишке берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button