1-августтан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айлыкты жогорулатуу үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет.

Мамлекет башчы социалдык тармактын айлыгы, социалдык жөлөк пулдар, күч түзүмдөрүнүн айлык маянасы буга чейин көбөйтүлгөнүн белгилеген.

«Үйдө тынч, туруктуу киреше болуп, элибиз келечекке үмүт артып жашаса дейбиз», — деген Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда бийлик 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчёт берип жатат.