18-июль күнү Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жашар кыздын окуясы боюнча ӨКМ күбөлөрдүн маалыматы менен бөлүштү.

«Тору-Айгыр айылында 5 киши баллон менен эс алып жаткан. Бир учурда шамал болуп, аларды алыска айдап кетти. Жергиликтүү тургундар кайык менен 4 жаштагы кыздан башка 4 жаранды алып чыгышкан», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз жапайы пляжда көлгө чөгүп кеткени тууралуу маалымдалган.

КР ӨКМдин куткаруучулары тарабынан ошол эле күнү башталган издөө иши бүгүн улантылып, жерине Ысык-Көл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 20, Балыкчы шаардык ӨКБдан 5 жалпы 25 куткаруучу тартылды. Ошондой эле райондук ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 киши издөө ишин жүргүзүүдө.