Коом

Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу боюнча рекорддук көрсөткүч катталды

Кыргызстанда аномалдуу ысык аба ырайынын сакталышына байланыштуу жай мезгилинде электр энергиясын пайдалануу боюнча рекорддук көрсөткүч катталды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти.

2022-жылдын 19-июлуна карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 34 миллион киловатт-саатты түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 29 миллион киловатт-саат болсо, 2020-жылы 28 миллион киловатт-саатты түзгөн.

«Керектөөнүн өсүшү менен бирге Токтогул суу сактагычындагы суунун чыгымы да көбөйүп, агып киргенге дээрлик теңелди. Ал эми суунун деңгээли 12,7 млрд куб метр болсо, агып кириши 538 кубометр, чыгымы 458 кубометрди түзүүдө. Ушуга байланыштуу энергохолдинг керектөөчүлөрдү бүтүндөй энергетика тутумунун ишенимдүү иштешин камсыз кылуу үчүн электр энергиясын кылдат колдонууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button