Саясат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button