Коом

Мындан ары Кыргызстандын ЖОЖдору студенттерди жылына эки ирет кабыл алат

Быйылкы окуу жылынан тарта Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кесиптик билим берүү мекемелерине студенттер эки иреттен кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Негизги максат — кандайдыр бир себептерден улам сентябрда окууга өтө албай калган абитуриенттерге бир жылын текке кетирбей, университетке кайрадан тапшыруусуна шарт түзүп берүү.

«Бул боюнча өкмөттүн токтому чыкты, билим берүү мекемелери кам көрүп жатышат. Баса, Кыргызстандын ЖОЖдорунда 232 миң студент окуса, анын 82 миңи чет элдиктер. Демек, биз билимди экспорттоп жатабыз деп так кесе айта алабыз. Андыктан чет элдиктерге дагы жылына эки ирет тапшыруу системасы жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет деп ойлойм», — деди министр.

Ошондой эле ал мындан ары жалпы республикалык тестирлөө дагы эки ирет өтөрүн кошумчалады. Биринчиси адаттагыдай эле жаз айларында, экинчиси ноябрда өткөрүлмөкчү.

Булак: Спутник кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button