Коом

Драупади Мурму Индиянын жаңы президенти болуп шайланды

 Индияда президенттик шайлоо өтүп, Улуттук демократиялык альянстан чыккан Драупади Мурму жеңишке жетишти. Бул тууралуу  «The Indian Express» гезити билдирет.

Маалыматка караганда, Мурму штаттардын жергиликтүү ассамблея жана парламент мүчөлөрүнүн 64% добушуна ээ болгон. Анын атаандашы — оппозициячыл Яшвант Синха 36% добуш топтогон. Жыйынтык жарыялангандан кийин Синха Мурмуга куттуктоо жолдогону белгилүү болду.

Ал эми Индиянын учурдагы премьер-министри Нерендра Моди: «Драупади Мурмунун жашоосу, анын эрте баштаган күрөшү, үлгүлүү жетишкендиги индиялык ар бир адамга дем берет», — деп жазды.

Азыркы президент Рам Натх Ковинддин президенттик мөөнөтү аяктаган күндүн эртеси — 25-июлда жаңы президент ант берет.

Ал көз карандысыз Индиянын тарыхындагы экинчи аял президент болуп калат.

Индия парламенттик республика. Өлкөнүн презиенти 5 жылга шайланат. 1 адам эки жолу презиент болуу укугуна ээ.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button