Коом

Касымбеков: Бейшеналиев жапкан медициналык окуу жайлар кайра иштеп баштады

Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жапкан медициналык окуу жайлардын ишине уруксат берилди. Бул тууралуу министрдин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, министрликтин 12 медколледждин лицензиясын артка чакыртып алууга укугу жок болгон. Ошого карабай министр өзүнүн буйругун чыгарып жаап салган. Эми ал буйрук жокко чыгарылды.

Ал  университеттер да ишин уланта турганын белгиледи.

«Мен жоопкерчиликтүү түрдө айтып коёюн, азыр бардык университеттер абитуриенттерди жайбаракат кабыл ала берсе болот. Министрлик тараптан аларга эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок учурда ведомстволор аралык комиссия бардык укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгып лицензиялык талаптарды даярдайын деп жатат. Эгер ошол талапты сактабаган университеттер болсо лицензиясын артка чакыртып алабыз», — деди Касымбеков.

Ошондой эле ал министрликтин алдында түзүлгөн комиссия медициналык окуу жайларга 2022-2023-окуу жылында тийбей турууну чечкенин белгиледи.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button