20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусу болуп өттү, андагы каралган негизги темалар гидроресурстар, коопсуздук жана экономика маселелери болду.

Кыргызстандын президентти С.Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев ортосунда 21-кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү боюнча достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлду, бул жакындашуу боюнча конкреттүү келишимдердин негизи болуп саналат. Тажикстан менен Түркмөнстандын башчылары документке өз өлкөлөрүндө ички процедуралар аяктагандан кийин кол коюшат деп күтүлүүдө.

Жогоруда аталган Келишимге кошумча дагы беш документке кол коюлду:

-Эл аралык Аралды куткаруу фондунун негиздөөчү-мамлекеттеринин башчыларынын Фонддун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө чечими;

-БА лидерлеринин Консультативдик жолугушуусунун биргелешкен билдирүүсү;

-көп тараптуу форматтардын алкагында региондун мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн концепциясы;

— «Борбордук Азия үчүн жашыл күн тартиби» аймактык программасы;

— 2022-2024-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы.

Бул жолугушуу президент Садыр Жапаров үчүн биринчи иш-чара болду, анда ал бир катар башка өлкөлөрдүн лидерлерин кабыл алды.

«Бул тарыхый учур жана бул Келишим Борбордук Азия мейкиндигинде жалпы гүлдөп-өнүгүү үчүн ишенимдүү негиз болуп калат деп ишенем», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Биринчи болуп президент Касым-Жоомарт Токаев аймактагы чек ара чыр-чатактарын эске алып, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдында чек араларды делимитациялоо боюнча эксперттик платформаны Казакстанда түзүүнү сунуштады. Ал белгилегендей, Казакстан өз чек арасын толук делимитациялоону ишке ашырып, өнөктөштөргө өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга жардам берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 98% такталган. Ал эми, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын  ортосундагы чек аранын узундугу 970 чакырым болсо, анын 664ү такталган.

Коңшулар ортосундагы чечилбеген чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров чек араларды тынчтыктын, достуктун жана ишенимдин ачык көпүрөсүнө айландырууну сунуштады: «Мындай социалдык-экономикалык, этностор аралык, диний жана башка себептерден улам түзүлгөн коопсуздук кризистерине мындан ары жол берүү мүмкүн эмес. Мен бул багытта өз ара аракеттерди бириктирүүгө чакырам»,- деди.

Тажик президенти Э.Рахмон радикалдык экстремизмдин жайылышына токтолуп, “Талибан кыймылынын жетекчилиги дүйнөлүк коомчулукту жана Ооганстандын калкынын, өлкөдө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү, өз бийлигинин мыйзамдуулугуна, кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ынандыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасаган жок” деп белгиледи.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да аймактагы коопсуздукту сактоо үчүн Борбор Азиянын беш өлкөсү кызматташуусу зарыл экенин билдирди. Ал мамлекеттердин тышкы иштер министрлерине бири-бири менен консультация алуу үчүн жолугушууларды өткөрүүнү тапшырууну сунуш кылды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз кезегинде бул багытта биргелешкен жүрүм-турум линиясын иштеп чыгуу, анын ичинде «коңшу Афганистандын тынчтык жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл» деген оюн билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: «Дүйнөлүк деңгээлде биз ишеничтин тартыштыгына кабылдык… Кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешкен экономиканы өнүктүрүү керек», — деди.

Аймактык масштабдагы кандайдыр бир иш-чаранын күн тартибинен чыкпаган маселе өзгөчө көңүл бурууга татыктуу – бул суу ресурстарын пайдалануу маселеси.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, «Кыргызстан суу ресурстарын топтоо жана сактоо боюнча тийиштүү компенсация ала элек. Мен дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуш кылам, ошону менен жогору жактагы мамлекеттер сугаттын муктаждыктары үчүн суунун ресурстарын вегетация мезгилинде, анын ичинде суунун аз болгон мезгилинде бир нече жылдар бою топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат.»

Кыргызстандын Президенти ошондой эле балансташтырылган алмашууну караган Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы суу жана энергетика ресурстарынын 1998-жылдагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүгө чакырды.

Президент Касым-Жоомарт Токаев Казакстан трансчегаралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара пайдалуу пайдалануу боюнча биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берерин белгилеп, Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун колдой турганын кошумчалады. Натыйжада Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча алдын ала макулдашууга келишкен.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров долбоорду башкарууну жана менчикти Кыргызстан өзүнө алышы керектигин айтты: ГЭС Токтогул суу сактагычына 3,5 миллиард куб метрге чейин суу берет.

Ошондой эле Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев Казакстандын Трансафган автожолунун курулушуна катышууга даяр экенин билдирди. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев локалдаштыруу жана импортту алмаштыруу боюнча Борбор Азия мейкиндигин түзүүгө чакырды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммитинде аймактык телеканал түзүү сунушталды.

Өткөн форумга катышкан өлкөлөрдүн лидерлеринин ар бири экономикалык интеграцияны жолго коюу, жаңы логистикалык каттамдарды куруу зарылчылыгы жөнүндө айтканы бизди, кыргызстандыктарды кубаттады.

Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти катары, биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгынын өкүлү жана коргоочусу катары айрым маселелер боюнча коңшу мамлекеттердин жетекчилерине жүйөлүү дооматтарды айтканын да кубаттайбыз. Атап айтканда, суу-энергетика проблемалары боюнча.

Ялкун Даутов

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү