Кыргызстанда апта соңунда абанын температурасы төмөндөп,  жаан жаайт, деп билдирет  «Гисметео».

Синоптиктердин айтымында, ысык аба ырайы жок дегенде августтун ортосуна чейин сакталышы мүмкүн экенин эскертет.

Августун ортосунан ары карай, абанын температурасы төмөндөп, Кыргызстандын аймагына жамгыр жаашы күтүлөт.

Эртең шаршембиде Бишкек менен Ысык-Көлдө +40, Ошто +41, Баткенде +39, Жалал-Абадда +43 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Апта ортосунда эң салкын аба ырайы Нарында болот +32 градус болору күтүлүүдө .