Коом

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы селге байланыштуу убактылуу жабылды

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы селге байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Боом капчыгайында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, темир жолду жаап калган.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын тиешелүү кызматтары тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Каттамдын качан ачылары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Ишкана ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн алдын ала кечирим сурайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button