Коом

Ички иштер министринин биринчи орун басары Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушту

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу максатында бүгүндөн баштап Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушууну башташты.

Жолугушууга Панфилов районунун 150 чукул жашоочусу  келишкен.

Бүгүнкү жолугушуу Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушуудан башталды. Жергиликтүү тургундар ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек  Бийбосуновго укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө болгон нааразычылыктарын айтышып, каралбай жаткан иштерди мыйзам чегинде чечип, өз көзөмөлүнө алып берүүсүн суранышты. Өз кезегинде Адылбек Бийбосунов бул маселени көзөмөлгө алып,  ИИМден келишкен тиешелүү кызматтардын начальниктерине жарандардын арыз-даттанууларын алып,  мыйзам чегинде чечип берүүлөрүн тапшырды.

Андан сырткары, жолугушууда социалдык-экономикалык маселелер, жер, бала бакча, оорукана, жол көйгөйлөрү  дагы айтылып, бийлик өкүлдөрүнө жардам берүүнү айтышты.

Элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы келишкен бийлик өкүлдөрү айтылган ар бир маселе жагдайына жараша калыс жана акыйкат чечиле тургандыгын билдиришти.

Негизинен аталган жолугушуулар элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө арналгандыгын белгилейбиз.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button