Коом

Бишкекте 100 жылдык жыгач суу түтүгү табылды. Сүрөт

Бишкек шаарынын Балтагулов көчөсүн бойлой 100 жылдык эски жыгач суу өткөргүч табылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул борбор калаанын борбордук бөлүгүн ичүүчү суу менен камсыз кылган диаметри 300 мм болгон биринчи суу түтүгү болгон.

«Жыгач суу түтүк системасы 30 жылдан ашык кызмат кылган жана 1960-жылдары алмаштырылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат үчүн: 1929-жылы 9 чакырым узундуктагы биринчи суу түтүгү ишке киргизилип, ал шаарга 2,8 миң куб метр өлчөмүндөгү жыгач түтүк аркылуу ичүүчү сууну берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button