Коом
Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт
Бүгүн, 5-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк
аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши
күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 28…33°,
Талас өрөөнүндө 27…32°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 31…36°,
Ысык-Көл ойдуңунда 21…26°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 23…28°, тоолуу
райондордо 7…12° жылуу болушу мүмкүн.