Коом

Саламаттыкты сактоо министринин мурунку кеңешчиси Мээрим Тилекова камактан бошотулду

Саламаттыкты сактоо министринин мурунку кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камакка чыкты. Бул тууралуу Ысык- Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын 2022-жылдын 4-августундагы токтому менен УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Э.Д.нын шектүү Т.М.Т.нын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрүү тууралуу сунушу канааттандырылды.

Ал 2022-жылдын 11-сентябрына чейин үй камагына алынды. Шектүү сот залынан камактан бошотулду.

Белгиленгендей, буга чейин М.Тилекованын баш коргоо чарасы каралып, 11-августка чейин камакка алынган. Анын жакындары маалымат жыйынында сөз сүйлөп, эки жаш баласы бар экенин айтып, камактан бошотууну суранышкан.

Эске салсак,  13-майда УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button