Коом

№61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский кармалды

Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский УКМК тарабынан кармалды. Бул туурасында аталган мектепте балдары окуган ата-энелер билдиришти.
Алардын айтымында, чекисттер бүгүн күндүз окуу комплексине барып Низовскийди алып кетишкен. Андан соң мектептин ичинде жана директордун үйүндө тинтүү жүргүзгөн.
Учурда 20га чукул ата-эне УКМКнын имаратынын алдында Низовскийди бошотууну талап кылып турушат.
УКМКнын маалымат кызматы азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Маалымат катчы Азамат Тентимишев учурда тергөө жүрүп жаткандыгын айтып, эртең кененирээк маалымат берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, Юрий Низовский №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексин 28 жылдан бери башкарып келет. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин беш жылдан ашык иштеген директорлорду жумуштан алып, кайра конкурс аркылуу тандоо боюнча реформасына каршы болуп келет. Сынакка катышуудан баш тартканын айткан. Аны менен катар кээ бир ата-энелер аны ордунда калтырууну талап кылышууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button