2022-жылдын 11-август күнү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондорунун элдери менен жолугушту.
Жолугушуу Кызыл-Адыр айылынын мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп, 300 жакын жергиликтүү тургундар катышты.


Жарандар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жеринде чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Бакытбек Нарбеков келишкен. Андан сырткары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы келишип, тиешелүү маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын жеринен кабыл алышып, кеңештерин беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан ар кандай социалдык, айыл-чарба багытындагы маселелер көтөрүлдү. Алсак, жайыт, сугат жерлер, көп балалуу ата-энелерге жер тилкелерин бөлүп берүү, “Тараз-Талас-Суусамыр” унаа жолунун абалын оңдоо боюнча кайрылуулар көп түштү. Ошондой эле, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер дагы баса белгиленип, элдин нааразычылыгы менен кошо ыраазычылыктары дагы айтылды.

Жол кырсыгы катталып, ал калыс тергелбей жатканын айтып, Кара-Буура районунун тургуну Ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды. Бул жарандын кайрылуусуна ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков жооп берип, жарандардан түшкөн ар бир арыз-даттануу, кайрылуулар өз убагында кабыл алынып, мыйзамдын негизинде ыкчам жана калыс тергелиши керектигин билдирип, бул ишти көзөмөлгө аларын айтты. ИИМден келген Тергөө кызматынын начальнигине бул жарандын арызын кабыл алып, мыйзам боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Ал эми, Бакыян айылынын тургуну Улан Ниязбековго 3 жылдан бери дайынсыз жоголгон адамды милиция кызматкерлери таап бергени үчүн алкышын айтып, ыраазычылык билдирди.


Манас районунун тургуну Чоң капка айылынын милициянын аймактык тескөөчүсүнө чалып, эч байланыша албай турганын айтып, ички иштер министрине кайрылды. Улан Ниязбеков жарандын кайрылуусу боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматына териштирүүнү тапшырды. “Милициянын аймактык тескөөчүлөрү дайыма тейлеген аймагында эл менен тыгыз байланышта болуп, ар бир кайрылууга ыкчам аракеттерди көрүүлөрү зарыл. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү телефон албаса, райондук милициянын жетекчилигине чалып, кайрылыңыздар. 102 кызматы күнү-түнү жарандардын арыз-кайрылууларын кабыл алат”,- деди ИИМдин башчысы.

Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекторлоруна ыраазычылыктар айтылып, жергиликтүү тургундар тарабынан окуучулар менен тыгыз иштешип жатканы белгиленди.
Элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы атайын келишкен бийлик өкүлдөрү айтылган ар бир маселе жагдайына жараша калыс жана акыйкат чечиле тургандыгын билдиришти.
Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондорунун жашоочулары мамлекеттик органдар менен калктын мамилесин бекемдеп, бийликке карапайым элдин үнүн жеткирүүгө өбөлгө түзүп, маселелерди жеринен чечүүгө шарт түзүп берип жаткан өлкө башчысы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын айтышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы