Коом

“Тазалыктын” кызматкерлери нааразылык акциясына чыкты

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери мэриянын Бишкектин Биринчи Май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берген чечимине каршы нааразылык акциясына чыкты. Аларга учурда шаардын вице-мэри Олег Попиков келип жолугуп, Биринчи май району шаардын борборундагы чоң район болгондуктан техникалары бар ишканага берилгенин түшүндүрүүгө аракет кылууда. Айрым кызматкерлер “Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникасын жакшыртуу менен шаардын тазалыгын камсыз кылууга болоорун айтып жатат.

7-августта Бишкек мэриясы Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө билдирүү таратып, бул районду “Эко Проф” жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылыктар айтылууда. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдирүүдө. Бирок айрым тургундар жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыялашкан.

Буга чейин баш калаадагы таштандыларды чыгарып кетүүгө жооптуу “Тазалык” ишканасы шаардан күнүнө 500 тоннанын тегерегинде акыр-чикир чыгара турганы айтылган. Ишканада бир жарым миңдей адам эмгектенет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button