26-августта саат 20:00дөн 23:00гө чейин Улуттук тарых музейинин алдында «Кыргыз модасына таазим. Байыртадан бүгүнкүгө чейин» иш-чарасы болот;
27-августта саат 12:00дө Мурас-Ордо жаңы конушунда активисттердин жана фольклордук ансамблдердин катышуусунда «Ыр кесе» ыр сынагы өтөт.
31-августта саат 18:00-21:00гө чейин «Ынтымак-2» сейил багында Street Food фестивалы уюштурулат. Иш-чара ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндарды камтыйт.
30-августта саат 10:00дө «Кара жыгач» сейил багында райондун жашоочулары үчүн концерттик программа менен коштолгон иш-чара өтөт;
30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында шаардыктар жана МАБдын активисттери үчүн спорттук оюндар болот;
31-август күнү саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндар өтөт;
31-августта саат 11:00дө Эне-Сай конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.
31-августта саат 10:00дө Ак-Өргө конушунда, Жолон/Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде майрамды утурлай балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда. Иш-чара концерттик программа менен коштолот;
31-август саат 14:00 Ала-Арча конушунда, Сыдыгалы/Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде дагы шаардыктарга майрамдык иш-чара пландалган.