Коом
Абанын күндүзгү температурасы
Кыргызгидромет билдиргендей, 30-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Таластын дыйканчылык аймагында, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +27…+32
Талас облусунда +25…+30
Баткен облусунда +29…+34
Ош, Жалал-Абад облустарында +29…+34
Ысык-Көл облусунда +20…+25
Нарын облусунда +20…+25