1-сентябрда электр кубатына көзөмөл кылып эсебин алган автоматташтырылган система Бишкектеги төрт миң абоненттин электр энергиясын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу «Чүй электр тармактары» ишканасы билдирет.

Анын себеби — абоненттердин дебитордук карызынын өсүп кетиши (жалпысынан 7 миллион сомду чапчыган).

Энергетиктер элди электр кубатына болгон карызын өз учурунда төлөөнү суранып жатышат.

Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн «Чүй электр тармактары» ишканасынын сайтында «Абоненттин балансы» бөлүмү бар экендигин, анын жардамы менен тиешелүү тараптар канча карыз экенин көрүп-билип алса болорун айтышты. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 номерине чалып же (0551) 001-209 WhatsApp номерине жазып маалымат алса болорун кошумчалашты.