Калдарбеков Элдияр Султанович «Кыргызалтын» мамлекеттик компаниясынын төрагасы болду.
Ал өткөн айда «Кыргызалтындын» аффинаж заводунун жетекчиси болуп дайындалган болчу.
Калдарбеков 1989-жылы 23-июнда туулган.
Белгилей кетсек, кечээ, 2-сентябрда «Кыргызалтын» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары:
Турсуниязов Амантур Токтобаевич – төраганын өндүрүш жана геологиячалгындоо иштери боюнча орун басары;
Сейдалиев Жеңиш Каныбекович – төраганын экономика, каржы жана инвестиция боюнча орун басары;
Конокбаев Данияр Тынычбекович – төраганын уюштуруу иштери боюнча орун басары, кызматтарын тапшырганы белгилүү болду.