Коом
Лиз Трасс Британиянын жаңы премьер-министри болуп шайланды
Консервативдик партиянын башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Борис Жонсондун кабинетинде 2021-жылдан бери тышкы иштер министри болуп иштеген Лиз Трасс партиянын жаңы лидери жана премьер-министри болду.
Британ консерваторлорунун жаңы лидерин тандоо боюнча добуш берүү 1-августта башталып 2-сентябрда аяктады.
Трасс 81,3 миң добушка ээ болуп, 60,4 миң добуш алган экс-финансы министри Риши Сунактан озуп кетти.
Учурдагы премьер-министр Борис Жонсон өз ыйгарым укуктарын партиянын жаңы лидерине 6-сентябрдан эрте эмес өткөрүп берет. Ошол эле күнү Улуу Британиянын ханышасы Шотландиянын Балморал сепилинде да кабыл алат, ал эми 7-сентябрда парламентте премьер-министрге суроолордун салттуу сессиясы өтүшү мүмкүн.