Коом

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза таап, уулу падыша аталып, такка отурду

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болду. Ал 96 жашта болчу.

Кечээ, 8-сентябрда ханышанын ооруп жатканы белгилүү болгон. Ага дарыгерлер көз салып жатышкан.

Елизавета II 1952-жылы 6-февралда 25 жашында атасы Георг VI көз жумгандан кийин такка отурган.

Ханышанын жолдошу өткөн жылы апрелде 99 жашында көз жумган. болчу

Ханышадан кийин анын уулу падыша аталып, такка отурду.

Ошондой эле ал Карл III деген ысымды алды.

Андан тышкары Улуу Британиянын гимниндеги «God save the Queen» деген сап «God save the King» деп өзгөртүлөт. (Queen —

ханыша, кing — падыша дегенди түшүндүрөт.)

Учурда Улуу Британия жаңы падышалуу болгонун расмий түрдө жарыялай элек.

Чарльз же Карл III 3 жашында британ тактысынын мураскери деп табылган болчу. Ал учурда 73 жашта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button