Коом

Кыргызстан азырынча толук кандуу көз карандысыз мамлекет эмес

Ар бир кыргызстандыктын эсине!

Кыргызстан азырынча толук кандуу көз карандысыз мамлекет эмес.

Себеби, дүйнөгө чыгууда, темир жана авто жолдорубуз, Казакстан менен Россия аркылуу өтөт.

Азырынча деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз таптакыр жок. Качан гана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, “Камбар-Ата 1” ГЭСи курулуп бүткөндө гана, толук кандуу көз карандысыз мамлекет болобуз.

Сиздер картада көрүп тургандай, ушул темир жол бүтүп кетсе, Туркменистандын портунан баржа менен Россиянын Астрахань портуна түздөн-түз жүк ташысак болот. Бул жол аркылуу, биз Россияга жана ал жактан кайра Кыргызстанга жүк ташууда, Казакстанга транзиттен көз карандысыз болобуз.

Бүгүнкүдөй казак чек арасында жүк ташуучу унааларыбыз кезек күтүп турбайт. Мындан сырткары, бул жол менен океан аркылуу биз үчүн дүйнөгө жол ачылат. «Тупиковый» өлкөдөн, тескерисинче транзиттик өлкөгө айланабыз. Ошондо гана дүркүрөп өнүгө баштайбыз.

Мына ушул иштерге тоскоолдуктарды жаратыш үчүн, тагыраак айтканда бул жолду салдырбаш үчүн, ар кайсы ички оппозициялык күчтөр жана сырткы душмандар өздөрүнүн арам пландарын ишке ашыруу иштерин башташты. Кыргыз эли кылымдарды карыткан элбиз. Кандай кыйынчылыктар болсо дагы чыдап, баарын жеңип келгенбиз. Азыр эми толук көз карандысыздыкка жетүү үчүн, акыркы чоң сыноо башыбыздан өткөнү турат. Кандай кыйынчылыктар болбосун чыдап, ушул акыркы чоң сыноодон биримдикте өтүп кетели. Темир жолдун курулушу эң көп болсо 5 эле жылда бүтөт. 5000 жылдык тарыхыбыз бар эл, 5 жылга чыдабай эмне болуптурбуз? Ошондуктан мигранттарыбызбы же өлкө ичинде кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан жарандарыбызбы, ар кайсы чагымчыл күчтөрдүн жетегине жетеленип кетпестен, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», темир жолубуз менен “Камбар-Ата 1” ГЭСибиз бүтүп, ишке берилип кеткенге чейин чыдап коёлу туугандар. Чыдап коёлу. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» дейт. Ынтымакты бекем сактап турсак, ырыскы өзү эле агылып келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button