Президент Садыр Жапаров Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын уткан балбан Жоламан Шаршенбековду куттуктады.

«Намыска жарадың Жоламан баатыр! Азаматсың!

Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң.

Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ.

Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм!

Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу!»- деп жазат мамлекет башчысы.