Коом

Нуржигит Кадырбеков: «Башка иштерди жыйыштыра туруп, чек араны талкуулайлы»

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Нуржигит Кадырбеков тажик-кыргыз жаңжалына тез арада чара көрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, чукул аракет кылбасак, бул өнөкөткө айланып баратат.

“Кыргыз-тажик чек арасынан дагы кабар келүүдө. Чек арада ок чыкты, тажик туугандар дагы кылыгын баштады деген. Эгер ушул чын болсо, башка иштерди жыйыштыра туруп, ушул маселени талкуулайлы. Жардам керек болсо берели. Чукул бир аракет кылбасак, бул өнөкөткө айланып баратат.

Белгилей кетсек, чек ара кызматы бүгүн коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери мурда жетишилген макулдашууларын бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлеп алышкандыгын жана кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү талабына көңүл бурбай, так чек арачылары ок чыгарганын кабарлады.

Буга жооп катары кыргыз чек арачылары да курал колдонушкан.

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чыр-чатак чыккан убакыттан баштап байланышып, жолугуп окуя болгон жерде иш алып барууда.

“Азыркы учурда ок атышуу токтоду. Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча жаракат алгандар жок. Калган аймакта абал тынч”, — деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button