Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов “Азаттыктын” филиалынын Ошко ачылышына эл нааразы болуп жатканын билдирди.
Депутаттын айтымында 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалды ушул сыяктуу уюмдар бир тараптуу маалымат берүү менен кырдаалды курчутуп жибергенин айтып, бул маселени укук коргоо органдары дагы карап чыгып, ачтырбоо керектигин белгиледи.