Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кечээ, 14-сентябрда болгон жаңжал боюнча комментарий берди.

«Коңшу өлкө менен болгон чатактагы негизги мүнөзүн айта кетейин. 5 жерде бирдей биздин чек арага чабуул жасалды. Анын төртөө аскердик объектилер болгон. Ал эми бирөөсү жашоочулар жашаган аймак. Самаркандекте 10 имарат зыян тартты. 4 жай тургун жаракат алышкан. Негизги өзгөчөлүгү биздин жарандык объектилерди аткылашты. Бул өтө кооптуу. Муну биз жаман кабыл алдык. Кайталана турган болсо, адекваттуу чараларды көрөбүз. 2 аскер жаракат алды. Калгандары баары тынч. Провокация болгон. Алар алдын-ала даярданышкан. Алар алдын ала позициясын даярдашкан», — деди Ташиев.