Коом

ИИМдин Академиясында «ИИОдо мамлекеттик тилди окутуунун өзгөчөлүктөрү» аттуу илимий-практикалык конференция өттү  

2022-жылдын 15-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин бир айлыгын өткөрүү жөнүндө» тескемесине ылайык «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата ИИМдин Академиясынын базасында «ИИОдо мамлекеттик тилди окутуунун өзгөчөлүктөрү» темасында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. 

Ага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын жетекчиси, педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асипова жана ушул эле университеттин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Зууракан Сарылбекова, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер Акбар Рыскулов, юридика илимдеринин доктору, профессор, эмгек сиңирген юрист, милициянын отставкадагы генерал-майору Тилек Асаналиев, милициянын отставкадагы полковниги Абай Кожокулов, ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Айбек Орозакунов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Тариель Абитов жана башка юридикалык жана аскердик окуу жайларынын, жогорку окуу жайларын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө ички иштер органдарында мамлекеттик тилди окутуунун өзгөчөлүктөрү талдоого алынып, окутуунун окуу-усулдук негиздерин өркүндөтүү маселелери талкууланды, жыйынтыгында конференциянын катышуучулары тарабынан сунуштама иштелип чыкты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button