Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду. Маалыматты өспүрүмдүн атасы Малик Маннанов тастыктады.

Маркум кыз Лейлек районундагы Достук айылынын “Достук” орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон. Айылдаштары менен чогуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылын көздөй качып бараткан учурда ага снаряддын сыныгы тийген.

Соңку маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 42 адам жарадар болду.  Баткен облустук бириктирилген ооруканада 19, Лейлекте 18 бейтап бар. Жаракат алган дагы беш киши Бишкекке жөнөтүлдү.