Коом

Баткен: Жакындарын издөө үчүн 1227 бирдиктүү номуру иштеп жатат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланышка чыкпай калган жакындарын издөө жана байланыш үчүн 1227 бирдиктүү call-center ачты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

Чек арага чектеш айылдарда жашаган жарандардын жакындары байланышпай калса, аталган Call-центрге кайрылса болот.

Анын айтымында, республикадагы бардык уюлдук операторлордон борборго чалуулар бекер. Чалуулар күнү-түнү кабыл алынат.

«Согуш жүрүп жаткан аймакта эч кандай байланыш жок экенин эске алыңыз. Учурда байланышты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бирок согуштук аракеттерден улам камералык мунараларды калыбына келтирүү жана оңдоо мүмкүн эмес. Министрликтин оңдоочу топтору байланыштарды тез арада калыбына келтирүүгө аракеттенет», – деди ал.

Ошондой эле Матбеткадыров айрым аймактарда байланыш бар экенин, бирок интернет жок экенин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button