Кыргызстан жана Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары тарабынан Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин протоколуна кол коюлду, бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы Келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.